• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Мажүрүм-Тал көчөсү жана Февраль тар көчөсү оңдоодон өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бишкекте оңдоо иштери аяктаган соң, Мажүрүм-Тал көчөсүнүн жана Февраль тар көчөсүнүн салтанаттуу ачылышы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Мажүрүм-Тал көчөсүндөгү жол куруу иштерин подрядчы «Айдос Кут» ЖЧКсы жүргүзгөн. Жолдун узундугу 620 метр, асфальт тилкесинин жалпы аянты 3100 чарчы метрди түзөт.

Ал эми Февраль тар көчөсүндөгү жол куруу иштерин подрядчы «Дорсервис» ААКсы жүргүзгөн. Жолдун узундугу 340 метр, асфальт тилкесинин жалпы аянты 1700 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий