• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Көл шаарында дайынсыз болуп жаткан балдар Оштон табылды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Кара-Көл шаарында дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдөр Оштон табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тарабынан Кара-Көл шаарынын тургундары 2010-жылы туулган Мураталиев Нурислам Уланбекович, 2012-жылы туулган Мураталиев Нурмуханбет Өмүрбаевич, 2010-жылы туулган Мамбетов Замирбек Нурбековичтер 2023-жылдын 12-ноябрь күнү көчөдө ойноп жатышкан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган.

"21-ноябрда Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан табылган Нурислам Мураталиев, Нурмуханбет Мураталиев Замирбек Мамбетовдор ата-энесине өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий