• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстан боюнча жалпы 80дей мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Кыргызстан боюнча жалпы 80дей мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө 50гө жакын мамлекеттик дарыкана ачылган, даны 30га жакынды ачуу пландалууда.

"Дарыканалар бардык шаар жана облустарда иштеп жатат, алыскы райондор гана калды", - деди ал.

Белгилей кетсек, мамлекеттик дарыканаларда 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Алардын баасы жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан.

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий