• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош базарында бузулган этти сатууга аракет жасагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ош базарында бузулуп кеткен мал этин сатууга аракет жасагандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Ош базары” соода комплексинде Бишкек шаарынын инспекциясы ветеринардык дарыгерлер менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, 29-апрель күнү саат таңкы 4:30дар чамасында Нарын жана Талас облустарынан келген сапаты начар, тиешелүү документтери жок бир чоң малдын жана бир жылкынын этин сатуу аракеттери аныкталып, аларга тыюу салынган, деп билдиришти инспекциядан.

Ал эми ошол эттердин ээлери У.Жумашалиев жана Б.Окотаеваларга протокол толтурулуп, эт ветеринардык изилдөө жана экспертиза боюнча республикалык борборуна жиберилген.

Экспертиза бул эттер бузулуп кеткендигин аныктаган.

Пикир

Оставить комментарий