• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте аял дарыгерге кол көтөргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бишкекте Шаардык балдар ооруканасында бүгүн эртең менен бейтаптын апасы дарыгерге кол көтөргөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, дарыгер оор жаракат алган жок.

“Мезгилдик вирустук оорулардын курчушуна байланыштуу Бишкектеги ооруканаларда 500гө жакын бала дарыланууда, кайрылгандардын саны андан көп. Ооруканага кайрылган бейтаптардын баарына жардам көрсөтүлөт, эч ким тиешелүү медициналык жардамсыз калбайт”, - деди ал.

“Бардык кыйынчылыктарга карабастан, медицина кызматкерлери күн сайын жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда. COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, алар күн сайын эрдик жасап жатышат. Алар дагы бирөөнүн атасы, апасы, кызы, уулу. Саламаттык сактоо системасы медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин башынан өткөрүүдө. Медицина кызматкерлерине карата мындай агрессивдүү мамиле дарыгерлердин иштен кетишине түрткү болууда”, - деп кошумчалады ал.

Айгерчинова жарандарды боорукер болууга жана медицина кызматкерлеринин эмгегин баалоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий