• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент: 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электроэнергиясы үчүн тарифтер 50 тыйынды түзөт

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук Кеңшинин жыйынында азык-түлук коопсуздугу маселесин кароо учурунда өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электроэнергияга тарифти төмөндөтүү тапшырмасын берди.

«1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы тийиштүү министрликтерге аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы тарифтер 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши керек.

«Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап жаңы, 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Ушул 110 миң 518 үйдө. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тамак-аш жагынан да жардам берүү керектигин айтты.

«Жаңы жылдан кийин сөзсүз түрдө ун, май, шекер таратып бериңиздер. Көлөмүн өзүңүздөр талдап чыгыңыздар министрликтер менен, облустардагы өкүлдөрдөн», — деди президент.

Пикир

Оставить комментарий