• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Судья тыныгуу жарыялады

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бүгүн Свердлов райондук сотунда Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланды. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Соттук угуунун жүрүшүндө айыпталуучу Сапар Исаков көрсөтмө берүүгө даяр экендигин билдирген. Бирок ал күбөлөр Е. Хафизов жана Г. Асанованы суракка алууну сурап жатат.

Айыпталуучу отурумду шаршембиге жылдырууну суранды. Шаршемби күнү ал өзүнүн документтерин алып келип, сурак бермекчи. Судья өтүнүчтү канааттандырып, отурумду 30-октябрь саат 9:00гө жылдырды.

Эске сала кетсек, мурда аталган иш боюнча айыпталып жаткандар жараянга катышуудан баш тартып жатышкан. Алар күбөлөр Е. Хафизов жана Г. Асанованы суракка алууну сурап жатышкан болчу. Айыпталуучулар С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, А.Калиев, С.Авазов жана Т.Бримкулов конвойдун бөлмөсүнөн чыкпай жатышкан. О.Артыкбаев, Ж.Назаров жана О.Лавровалар өз ыктыярлары менен сурак берүүгө макул болушкан.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий