• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ассоль Молдокматова “ала-качуу” үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында коомдук ишмер, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова Кыргызстандын коомчулугунда болуп жаткан кыз ала качуу, аялдарга карата зордук-зомбулуктар тууралуу өз оюн билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө көптөгөн эркектер аялдарды адам катары эсептешпейт жана бул басмырлоо мурдагы кылымдардан бери уланып келе жатат. Ал эми 19 жаштагы Турдали кызы Бурулайдын Жайыл РИИБнин имаратында каза болгондугу акыркы чекке жетти.

“Кыргызстан коомчулугу 27-майда бычактан алган жаракаттан улам каза болгон Бурулайдын окуясына таң калууда. Бул каргашалуу окуя Кыргызстанда аялдардын укугу корголбогондугун көрсөтүп турат. Жагдайды түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн чечкиндүү чараларды көрүү керек. Ала качуу жана өз эркине каршы никеге туруу тажрыйбасы – өткөн кылым, балким эртең мындай жагдайга биздин сиңдилер же кыздарыбыз кабылышы мүмкүн”, - деп билдирди Молдокматова.

Ага байланыштуу бир нече күн мурда “Ала качууга” каршы акция башталды, ушул ишемби күнү жүрүш болот. Учурда зордуктун курмандыгы болгондордон 7 миң 257 кат келип түшкөн.

Психотерапевт Тамара Воронцова билдиргендей, ак түс “тазалыктын” белгиси жана ошондуктан да ал акциянын башкы атрибуту болгон.

“Биз эми эч качан үлпөт көйнөгүн кийе албай калган кыздарыбыздын элесине арнап ак түстөгү кийим кийдик. Жыл өткөн сайын үй-бүлөдөгү кордук-зомбулук бир гана күч колдонуу жагынан эмес, психологиялык жактан да өсүүдө. Биздин эркектерди тарбиялаш керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий