• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош–Ноокат–Баткен жолундагы чуңкурлар топурак менен жамалганбы? – Транспорт министрлигинин жообу

Аймак 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Жолдор жана транспорт министрлиги, президент Сороонбай Жээнбековдун Баткен облусуна келишине карата Ош–Ноокат–Баткен жолундагы чуңкурларды топурак менен бүтөштү деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак ММКлардын биринде жол кызматкерлери жолдогу чуңкурларды топурак менен бүтөп жатканы тартылган видео жана сүрөттөр чыккан. Ал, президенттин Баткен облусуна болгон сапарынын алдында болгону айтылат.

"Кабар" агенттигине Транспорт министрлигинен билдиришкендей, чынында эле жолдогу чуңкурлар бүтөлгөн. Бирок, жолду жамоо иштеринде топурак эмес, шагыл колдонулган.

"Дайыма ошондой жасалат. Күн суук болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзүүгө болбойт. Күн жылыгандан тарта чуңкурларды оңдоо иштери башталат. Алдыда жол реконструкцияланат. Быйыл күзүндө жолдун 28-75-чакырымында реконструкция иштери башталат", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий