• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу адистештирилген балдар мекемелерине жаңы жылдык белектер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Ош шаарындагы адистештирилген балдар мекемелерине Жогорку Кеңештин атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн ЖК төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Шарапаткан Мажитова Ош шаардык кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, Ош шаардык “Лотос” жана “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнөн кабар алды.

Анын алкагында төрага Нурлан Шакиевдин атынан тарбияланып жаткан балдар үчүн тиричилик техникалар жана жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий