• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында белгиленбеген жерге таштанды таштагандарга айып салына баштады

Аймак 0

Ош, 18.06.19 /Кабар/. “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери белгиленбеген жерге таштанды таштагандарга айып сала баштады. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, муниципалдык ишкананын кызматкерлери протокол толтуруу жана башка керектүү талаптар боюнча окуудан өтүшкөн. Кечээ Ош шаарынын тургуну белгиленбеген жерге таштанды ыргыткандыгы үчүн айыпка тартылган.

“Ал жаран айыпты банк аркылуу төлөп берди. Каражат жергиликтүү бюджеттин эсебине түшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, КРнын Бузуулар тууралуу Кодексинин 71-беренеси “Белгиленбеген жерлерге таштанды таштоо жана аларды өрттөө” боюнча белгиленбеген жерлерге үй-тиричилигиндеги таштандыларды таштоо жана өрттөө үчүн 3-категориядагы айып, белгиленбеген жерлерге өндүрүш таштандыларын таштоо жана аларды өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөөгө 4-категориядагы айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий