• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Нооруз майрамы шаан-шөкөт менен белгиленүүдө. Иш-чарага Акылбек Жапаров катышууда

Аймак 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында жаздын жана жаңылануунун майрамы Ноорузга карата майрамдык салтанат өтүүдө. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышууда.

Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө жалпы чогулгандарды улустун улуу күнү Нооруз майрамы менен куттуктап, ар бир үйгө ынтымак жана ырыскы каалады.

"Ырыс алды ынтымак. Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат. Кыргызстандын эли көп улутту. Бул биздин байлык жана сыймыгыбыз. Жерибиздин мөлтүр таза суусун бирге татып, жемишин бирге жеп келе жатабыз. Ошол эле маалда тагдырдын тарыхый түйшүгүн бирге көрүп, кыйынчылыктарын бирге көтөрүп, таттуусун да, ачуусун да бирге татып келе жатабыз. Ошонубуз менен биз бир элбиз, бир мамлекеттин атуулубуз. Кыргызстан элинин биримдигин сактоо, мамлекеттин өнүгүүсүнүн туруктуулугу биз үчүн өзөктүү негиз болуп саналат", - деп баса белгиледи.

Майрамдык иш-чарада “Ноорузду даңазалоо” оюн-зоок программасынын алкагында маданият башкармалыгынын, белгилүү ырчылардын, артисттердин катышуусунда театралдашкан концерт тартууланууда.

Аянттын оң тарабында 7 кыргыз боз үйү тигилип, “Кыргыз шырдак” көргөзмө-жарманкеси, Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, №2 балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана “Көктөм” (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулууда.

Мындан сырткары, "Алымбек Датка" этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чаралар өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий