• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад жана Наманган шаарлары туугандашат

Аймак 0

Бишкек, 13.10. 17 /Кабар/. Кыргызстандын Жалал-Абад шаары менен Өзбекстандын Наманган шаары мындан ары өз ара туугандык, достук, кызматташтык байланыштарын чыңдай беришмекчи. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмабек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы жакында Ташкент шаарына расмий баруусу учурунда Жалал-Абад жана Наманган шаарларынын жетекчилери атайын меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад жана Наманган шаарлары өз ара достук байланыштарын, туризмди, соода алакаларын чогуу өркүндөтүшүп, эл чарбасынын түрдүү тармактарында тажрыйбаларды алмашуу, биргелешкен ишканаларды түзүү жана иштетүү жагын колго алышмакчы.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаары Кыргызстандагы ар тараптуу потенциалы жагынан үчүнчү шаар эсептелинсе, Наманган шаары Фергана өрөөнүндө орун алган Наманган облусунун борбору, калкынын саны боюнча Ташкент шаарынан кийинки эле ири шаарлардын бири эсептелинет жана Жалал-Абад облусунун аймагы менен чектешип турат. Калкынын саны 2017-жылдын 1-апрелине карата 591,8 миң кишини түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий