• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу бардык набайканалар ата мекендик унду колдонууга өттү – Антимонополия

Аймак 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Ош шаарындагы бардык наабайканалар ата мекендик өндүрүштөгү ундан тандыр нандарды жабууга өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Ош шаарында 200гө жакын наабайкана бар жана алардын кожоюндары курамы пайдалуу азыктар менен байытылган Кыргызстандын ундарынан тандыр нандарын жайылтууну көздөп, бүгүнкү күндө шаардагы наабайканалар жергиликтүү ундан пайдаланып жатышат.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү жергиликтүү наабайкана ээлери менен жолугуп, ата мекендик ундан тандыр нандарын жасап чыгаруу сунушун киргизген. Жергиликтүү унду колдонуу менен жасалган тандыр нандар дүкөндөрдө жана базарларда мурдагыдай 25 сомдон сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий