• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КСДПнын талапкеринин чыныгы максаттары бар – КР Коргоо министрлигинин Ардагерлер кеңеши

Коом 0


Бишкек, 13.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентине КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбековдун өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыздай турган чыныгы максаттары бар. Аталган талапкерди колдоо жана колдоого чакырык менен бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында республиканын куралдуу күчтөрүнүн офицерлери чыгышты.

“КМ Ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы, запастагы полковник Эркин Жуматаев айрым талапкерлер орунсуз, жүзөгө ашыруу күмөн болгон убадаларды берип жатышканын белгиледи.

“Кыргызстан кыска аралыкта дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болорун айрым талапкерлер убада кылышууда. Бирок убала кылынган мезгилде башка өлкөлөр да бир орунда тура бербестен, өнүгө берерин эстен чыгарбоо зарыл. Кыргызстанга куру убадалар эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүң камсыздаган чыныгы аракеттер керек. Бул талапкер Жээнбековдун программасында камтылган. Ошондуктан көздү ачып карап, татыктуу адамды колдоо керек”, - деп сүйлөдү Жуматаев.

Пикир

Оставить комментарий