• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мар Байжиев: “Сооронбай Жээнбеков өз эмгеги менен чындап эл үчүн иштей тургандыгын көрсөттү”

Коом 0

Бишкек, 18-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Сооронбай Жээнбеков – Кыргызстандын президенттигине татыктуу талапкер. Мындай пикирин бүгүн “Кабар” маалымат агенттигине драматург,эл жазуучусу ар Байжиев билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ КСДПнын саясий кеңеши Кыргызстандын президенти кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан көрсөтүштү.

М.Байжиевдин айтымында, ал акыркы жылдары өзүнүн эмгеги жана ишмердиги менен чындап эл үчүн иштей тургандыгын көрсөттү. “Анткени ал мамлекеттик бийликти жана экономиканы жөнгө салуу боюнча конкреттүү бир нече чараларды ишке ашырды. Мен аны жана инисин билем, алардын келечектеги президент үчүн маанилүү болгон адамдык мыкты сапаттары бар. Алардын колу таза, ниети ак”, - деди ал.

Мындан тышкары, М.Байжиев С.Жээнбековдун тажрыйбасы жетишсиз деген пикирлерди түшүндүрүп кетти. “Ал айыл чарбасын, экономиканы, ошондой эле, башка тармактарды түшүнөт. Ал билимдүү адам экендигине кепилдик берем”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий