• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

28-апрелден тарта Бишкектин Садыгалиев көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. 28-апрелден тарта Бишкектин Садыгалиев көчөсүнүн түштүк багытындагы А.Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Садыгалиев - Волкова көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектиси - Садыгалиев көчөсүнүн кесилиштеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөр Садыгалиев көчөсү менен бара жаткан унаалардын агымына туруштук бере албай тургандыгын көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий