• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокен районунда курулуш материалдарын чыгарган чакан ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Ноокен районунун Масы айыл аймагында курулуш материалдарын чыгарган кичи өндүрүштүк ишкана ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын ачылыш аземине Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков, Масы айыл аймагынын башчысы А.Нарматов, Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун директору Ж.Эшенкулов, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ишкананын курулушу райондук өнүктүрүү фондунан каржыланган, ал муниципалдык жана жеке өнөктөштүктө ишмердүүлүк жүргүзөт.

"Бул ишканада жалпысынан 15 жергиликтүү тургун иш менен камсыз болуп, элдин суроо талабына ылайык сетканын ондон ашык түрү, пескоблок, брусчатка чыгарыла баштады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий