• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КМШ саммити. ЖКККББнын өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине 12-13-октябрда Бишкекте өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча саптык кароо өткөрүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, анда кызматкерлердин кийген формасынан тартып, атайын каражаттарын, кызматтык унаалардын техникалык абалдарын, бекитилген аймактага кайгуул күзөт чарчыларын жана жалпы кызматтык даярдыгы текшерилди. Ошондой эле чет өлкөлүк мамлекет башчыларын жана өкүлдөрүн тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда кызматтык тартипти жана нускамада көрсөтүлгөн талаптарды так сактоо эскертилди.

Эскерте кетсек, бул мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө ЖКККББнын Бишкек шаары жана Чүй облусунан сырткары өлкөнүн башка аймактарынан да кызматкерлер тартылып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий