• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктарга Россиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн 1 миң квота бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстанга өлкөнүн жаш жарандарын Россиянын ЖОЖдорунда окутуу үчүн 1 миң максаттуу квота бөлүнөт. Бул тууралуу кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, квота Россия кызматташуусу аркылуу бөлүнүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын таасирдүү динамикасы байкалууда.

“Билим берүү тармагы эки өлкөнүн, анын ичинде өнөр жай тармагындагы ар тараптуу кызматташтыктын негизи жана болот деп ишенем”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий