• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР УИАнын академиги Алтай Бөрүбаевге "Кызматташтык жылдызы" сыйлыгы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 11-12-декабрында Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XII форуму жана “Кызматташтык жылдызы" («Звёзды Содружества») лауреаттарына сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Ошондой эле КР УИАнын академиги, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор Алтай Асылканович Бөрүбаев КМШ мамлекеттер аралык башкы "Кызматташтык жылдызы" («Звёзды Содружества») сыйлыгын алды.

Форумга Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белорусия, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина жана Россиянын өкүлдөрү катышкан.

Иш-чаранын негизги темасында – "Үй-бүлөлүк баалуулуктар менен каада-салттарды бекемдөөдө жана колдоодо КМШнын гуманитардык кызматташтыгынын ролу" талкууга алынды. Тармактык секцияларда кесиптик аракеттешүүнүн ар түрдүү аспектилери: Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу, жаштар саясаты, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн келе жаткан “Маданият жылына” карата даярдыгы туурасындагы маселелер каралды. Форумда КМШ өлкөлөрүнүн 2018-жылдагы маданий борбору деп табылган Армениянын Горис шаары тааныштырылды.

Форумду Россия Федерациясынын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү М.Е.Швыдкой, Гуманитардык кызматташуу боюнча Эл аралык фондунун төрагасы жана Азербайжан Республикасынын Россиядагы атайын элчиси Полад Бюль-Бюль оглу алып барышты.

Пикир

Оставить комментарий