• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан россиялык “X5 Retail Group” компаниясы менен келишимге кол койду

Экономика 0

Бишкек, 15.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан россиялык “X5 Retail Group” компаниясы менен келишимге кол койду.

КР тарабынан протоколго экономика министри Артем Новиков, РФ тараптан компаниянын мамлекеттик органдар менен аракеттешүү боюнча директору Станислав Наумов кол коюшту.

Документке кыргыз-россия аймактар аралык 6-конференциясынын алкагында кол коюлду.

Компания Кыргызстандын ишкерлери менен иштөөнү каалай турганын билдирди.

Станислав Наумов билдиргендей компания Сибирде жаңы дүкөндөрдү ачканы турат.

“Биз сапаттуу продукцияларды ташуучулар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Биз органикалык, айыл чарба продуктуларын, жашылча жана жемиштерди белгилеп койдук. РФ дүкөндөрүндө эң сапаттуу азыктардын пайда болушун каалайбыз. Эт продукциялары, суусундук боюнча дагы көптөгөн сунуштар болду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий