• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки жуманын ичинде мунайтрейдерлер 4,7 миң электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздешти

Экономика 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Эки жуманын ичинде мунайтрейдерлер Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу 4 миң 787 электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) тариздешти. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында 2020-жылдын 1-июлунан баштап мунай жана мунай заттарды казып алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъектилер Салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу технологиялык тизмек боюнча мунай заттарды жүктөө үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү тартипте тариздешүүдө. Бул документте мунай жана мунай заттар, жөнөтүүчү, алуучу, жеткирүүчү транспорттук каражат жөнүндө маалыматтар камтылат.

ЭТТКны тариздөө үчүн ишкерде квалификациялуу электрондук кол тамга, ошондой эле Салык кызматынын "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасына кирүү мүмкүндүгү болушу зарыл. Салык кызматынын расмий сайтында "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" бөлүмү бар, ал жерде салык төлөөчүлөр үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар, анын ичинде ЭТТН тариздөө тартиби камтылган.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздегенден кийин 2 нускада басып чыгаруу зарыл. Биринчи нускасы мунай жана мунай заттарды алып өтүү жана сатуу үчүн айдоочуга (МСКнын белгиленген контролдук пломбасы жөнүндө белгиси менен жана салык органынын жооптуу кызматкеринин "алып кетүүгө уруксат" штампы менен), экинчи нускасы салык органынын жооптуу кызматкерине берилет.

Кыргызстанда ЭТТКны киргизүү - отун майынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартууга, мунайзат рыногун иретке келтирүүгө, көмүскө экономиканын көрүнүштөрүнө бөгөт коюуга, ошондой эле күйүүчү майды ташып келүү же өндүрүүдөн тартып акыркы керектөөчүгө сатылганга чейинки жүгүртүлүшүн реалдуу убакыт режиминде байкоого багытталган. ЭТТК салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында колдонулууда.

Пикир

Оставить комментарий