• 88.68
  • 95
  • 0.95

Республика аймагындагы эс алуу парктары, маданият үйлөрү көңүл бурууну талап кылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында эс алуу парктары, маданият үйлөрү, спорт ордосу боюнча маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Ош шаарында А.Навои атындагы эс алуу паркындагы карусель кулап, 8 адам жабыр тарткан. Депутат Аида Касымалиеванын айтымында, буга бир дагы мекеме жоопкерчилик алган жок. Паркты иштеткен ишкер дагы комментарий берүүдөн баш тартууда. Мындай жагымсыз окуяларга ким жооптуу деген суроону койгон депутат жалпы республика аймагындагы эс алуу парктарындагы аттаракциондордун коопсуздугуна тыкыр көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын, бул ишке өзү батыл кирише тургандыгын баса белгиледи. Мындан сырткары, А.Касымалиева 1- июнь - балдарды коргоо күнүн шаан-шөкөттүү өткөрүүнүн ордуна балдарды коргоо жаатындагы иш-чараларга басым жасоо керектигин сунуш кылды.

2018-жылы күрөштүн үч түрү боюнча Азия чемпиондугу Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маалымат берген депутат Таалайбек Масабиров мындай олуттуу иш-чарага КР Өкмөтүнүн көңүлүн буруп, эмки жылкыга жакшы бир спорт ордосун куруп берүү зарылдыгын белгиледи.

Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы Мамажанов атындагы маданият үйүнүн абалы боюнча депутат Мурадыл Мадеминов маалымат берди. Анын айтымында, бул маданият үйүнүн архитектуралык курулушу абдан жакшы. Бирок, 3 жылдан бери чатырынан суу кирип, маданият жайынын имараты бузула баштаган. Депутат аткаруу бийлигин маданият үйүн кайра чатырлоого каражат бөлүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий