• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумабеков: ТүркПА – азырынча түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташуусунун жалгыз платформасы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Биргелешкен күч-аракеттерден, өз ара түшүнүшүүдөн жана өз ара колдоодон улам жаралган ТүркПА – азырынча түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтуусунун жалгыз платформасы. Ошондуктан, биз аны сактоо менен ьирге, ар тараптан бекемдешибиз зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТүркПАнын VII пленардык жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

"Азыркы дүйнөдөгү агымдар менен тенденцияларды эске алганда, биздин парламенттер аралык бирикмебиздин мааниси өтө зор. Элдерибиздин өз ара тыгыз байланышкан тарыхий жана маданий жалпылыгы эӊ татаал маселелердин жалпы чечимин табууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Биздин өлкөлөрдүн күчтүү парламенттеринин мыйзамдуулук менен демократия принциптерине таянган бекем бирлиги келечекте биргелешип өнүгүүгө негиз болот", - деди Дастанбек Жумабеков.

Андан тышкары, Төрага быйылкы ТүркПАнын пленардык жыйыны "Парламенттердеги айкындуулук: чечим чыгаруудагы жаӊы технологиялар" деген темада өтө турганын баса белгиледи. "Кабыл алына турган чечимдердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, анын ичинде, таза жана адилеттүү шайлоолорду өткөрүү үчүн олуттуу чараларды көрүү зарылдыгы жаралып жатканынан улам, бул теманын заманга төп келери күмөн туудурбайт", - деп, Төрага өз сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий