• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү айылдардын биринде балдар мончодо окуп жатышат – Касымалиева

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Түп районундагы Санташ айыл өкмөтүнүн Каркыра айылындагы Асылбаев атындагы орто мектептин окуучулары мончонун имаратында билим алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, мектеп 70 жыл мурун курулуп, ал бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

"Учурда мектеп авариялык абалда. Башка айылдар алыс жайгашкандыктан күн сайын окуучулар ал жакка барып билим алууда. Кыш ал айылда өтө суук. Башталгыч класстын 16 окуучусу коомдук мончодо окуп жатышат. Аталган айылда 3-4-классты бириктирүүгө аргасыз болушкан", - дейт вице-спикер.

Касымалиева белгилегендей, өлкө башчынын Ысык-Көлгө болгон сапарында Кыргызстан боюнча 94 авариялык мектеп болсо, анын 24ү Ысык-Көл облусунда экени белгилүү болгон.

"Президенттин Ысык-Көлгө болгон сапарында алар оңдолоорун билдирген. Бирок, биз депутаттар жаңы Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчисин биринчи кезекте 70% аяктаган мектеп имараттарын толугу менен бүтүрүүгө чакырабыз. Бардык аймактарда мектеп жетишсиздиги байкалат. Оштогу мектепте бир класста 60тан окуучу билим алат", - деди Касымалиева.

Пикир

Оставить комментарий