• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бөлтүрүк: Быйыл Кумтөрдөн 17,3 тонна алтын казуу пландалууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. 2022-жылы Кумтөр алтын кенинен 17,3 тонна алтын казуу пландалууда. Бул тууралуу “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук компаниясынын президенти Теңгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Кумтөрдөн 14 тоннадан ашык алтын казылган.

Бөлтүрүк көрүлгөн чаралардан кийин карьердеги жарака токтоп калганын белгиледи.

“Карьердин бул участогунда иштер кайра жанданды. Биз азыр казуу иштери боюнча планды аткарабыз деп күтүүдөбүз. Россияга киргизилген санкцияларга байланыштуу логистика жагынан кыйынчылыктар бар. Ошондуктан башка өлкөлөрдөн материалдарды жеткирүү боюнча чараларды көрүп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий