• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн "Ак шумкарлар" Кытайдын Тайбэй курама командасы менен кез келет

Спорт 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раунду алкагында Кытайдын Тайбэй командасы менен ойнойт.

Үчүнчү турдун алкагында орун ала турган бүгүнкү беттеш Гаосюн шаарынын "Наньцзы" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алат.

Оюнду БАЭнын рефери Яхья Али Алмулла тейлейт. "Ак шумкарлар" оюн талаасына кызыл формада чыгат.

Ал эми аталган командалардын жооптук беттеши 26-мартта Бишкетеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Аталган квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлын Тайбэй курама курамалары менен кошо "D" тайпасында жайгашкан.

Эки турдун жыйынтыгы боюнча улуттук курама үч упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында 3-орунду ээледи.

Оюндун түз алып берүүсү YouTube, "Кыргыз Спорт ТВ" жана "УТРК Спорт" каналдарында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий