• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча достук мелдеши өтөт

Спорт 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бишкектеги “Газпром” спорттук комплексинде17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Турнирге президенттин администрациясынан, улуттук футболдун ардагерлери, спорттук уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышат.

“Ата мекендик футбол үчүн 2021-жыл өзгөчө жыл. Быйылкы жылы өлкөбүздө футболдун пайда болгонуна туура жуз жыл болду. Футбол жөн гана оюн эмес, ден соолуктун жана командалык духтун символу. Алдыда боло турган мелдеш бардык катышуучулар үчүн гана эмес, өлкөдөгү бардык футбол күйөрмандары үчүн да спортко кошулуп, ар бир адамдын сүйүктүү оюнунун мааракесинин бир бөлүгү болуп, дени сак жана жигердүү спорттун маанилүүлүгүнө көңүл буруу үчүн эң сонун окуя болот”, - деп айтылат маалыматта.

Мелдештин негизги максаты — өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий