• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Челси" Эден Азар үчүн "Реалдан" 116 млн евро сурап жатат

Спорт 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Мадриддик "Реал" Лондондук "Челсинин" жарым коргоочусу Эден Азарды сатып алууну боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

The Telegraph басылмасынын маалыматы боюнча, эки клубдун өкүлдөрү жакын арада дагы бир сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатат.

Испаниялык клуб Азарды 2018/19 сезондун аягына чейин тийиштүү чечимге келүү боюнча аракет көрүүдө.

"Реал" бельгиялык футболчу үчүн 98 млн евро берүүгө даяр, ал эми "Челси" 116 млн евро сурап жатат.

Маалым болгондой, Азар менен "Челсинин" келишими 2020-жылы жайында аяктайт.

Эден Азарды Transfermarkt 150 млн еврого баалодоо.

Пикир

Оставить комментарий