• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан улустун улуу күнү саналган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Күн менен түн теңелишкен учурга туура келген бул майрам эзелтен жаңы жылдын башталышы катары белгиленген. Ар бир үйдө арча түтөтүлүп, ак тилектер айтылган. Бүткүл айыл чогулуп, казан-казан көжө кайнатылган. Жети түрдүү даам кошулган сүмөлөк бышырылып, таратылган. Улуттук оюндар ойнолуп, салттуу жөрөлгөлөр жасалган. Бабалардан калган баалуулуктар даңазаланып, Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен өткөрүлгөн. Андыктан, аталардын жолун улап, ынтымакка, биримдикке чакырган бул майрамда элибиздин каада-салты даңктала берсин!

Ардактуу кыргызстандыктар!

«Жаз жарыш, күз күрөш» – деп бабаларыбыз таасын белгилегендей, жаздагы көрүлгөн аракет, күздөгү төгүлгөн берекет экени анык. Андыктан, кыштын камын азыртан көрүп, жабыла мээнет кыла турган учур. Айрыкча агрардык өлкө катары айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл буруп, айдоо аянттарын көбөйтүшүбүз керек. «Эл эмгегин жер жебейт» – деп эл арасында айтылгандай, үзүрүн сөзсүз көрөбүз.

Кадырлуу мекендештер!

Улустун улуу күнү саналган бул майрамда айтылган ар бир тилек кабыл болсун! Эмгекчил элибиз малын төлдөтүп, жерин көктөтүп, ар бир үйгө ырыс-кут орносун!

Дагы бир жолу жаӊы жылдын келгенин жар салып, дарак бүчүрүндөй далай жакшы тилек-үмүттөрдү сунган Нооруз майрамыӊыздар менен куттуктайм! Жараткан элибизге тынчтык, жергебизге береке берсин! Эски жыл колдоп, жаӊы жыл жалгасын!".

Пикир

Оставить комментарий