• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элмира Эшенкулова ЖК аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Элмира Эшенкулова Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду.

Эшенкулова Элмира Раимжановна 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек жолун 1999-жылы КР Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинде башкы адис болуп иштөө менен баштап, 2000-жылы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Экология жана жаратылышты пайдалануу департаментинде жетектөөчү адис кызматында эмгектенген.

2005-жылдан баштап КР Жогорку Кеңешинин аппаратында Жогорку Кеңештин жыйналыштарын камсыздоону уюштуруу бөлүмүндө жана Регламент жана этика боюнча комиссияда консультант, андан соң улук консультант болуп иштеген.

2008-2012-жылдары Жогорку Кеңештин жыйналыштарын камсыздоону уюштуруу бөлүмүндө улук консультант кызматын аркалаган.

2012-2015-жылдары Уюштуруу иштери бөлүмүнүн эксперти, 2015-2022-жылдары Уюштуруу иштери бөлүмүнүн сектор башчысы болуп кызмат кылган.

2022-жылдын март айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн сектор башчысы, 2022-жылдын 19-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий