• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тармактык комитет шайлоо босогосун 5%га түшүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдогон жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Күн мурун, 19-майдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи депутаттардын бири Исхак Масалиев мыйзам долбоору аркылуу Жогорку Кеңешке саясий партиялардын өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9%дан 5%га төмөндөтүү сунушталып жатканын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Айнуру Алтыбаева шайлоо босогосунун 5%га чейин төмөндөшү партиялардын ирилешине жол бербестен, добуштардын майда партиялар ортосунда бөлүшүнө өбөлгө болорун билдирип: “Юстиция министрлигинен 280дей саясий партия каттоодон өткөн. Ал тургай 10 кишиден турган партиялар да бар”, – деди.

Ал эми депутат Жыргалбек Турускулов аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү маселесине токтолуп: “Угуу өткөрүлдү беле?” – деп сурады.

Суроого жооп берип жатып, депутат Исхак Масалиев парламенттик угуу алкагында катышуучулар шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүүнү сунушташканын маалымдады. Муну менен катар талкууланып жаткан 5%дык деңгээл азыркы учурга туура келерин кошумчалады.

Ошондой эле депутаттар буга чейин шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүүнү камтыган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышканын белгилешти. Депутат Мирлан Бакиров аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси экенин билдирип, ар кимдин өз пикири бар экенин айтты.

Андан тышкары депутат Аалы Карашев 100 депутат шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүүнү колдогонун айтса, Наталья Никитенко 7%дык шайлоо босогосун кабыл алуу менен депутаттар 9% өтө чоң экенине ынанышканына токтолду. “Көпчүлүк өлкөлөрдө шайлоо босогосунун деңгээли 5%. Айта кетчү жагдай парламенттик өлкөлөр дагы муну оптималдуу босого экенин белгилешүүдө” – деди эл өкүлү Наталья Никитенко.

Пикир

Оставить комментарий