• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сеулда Кыргызстан менен Кореянын экономикалык кызматташтыгына байланыштуу баяндама жасалды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Сеул шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламент төрагаларынын алгачкы кеңешмеси өтүүдө.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңешмеге төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары да катышып, түрдүү темаларда баяндама жасашты.

Алсак, "Борбор Азия жана Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташтык" аталышындагы сессияда сөз сүйлөгөн депутат Камила Талиева: "Борбор Азия экономикалык өсүш үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар аймак болуп саналат. Айрыкча Кыргызстан жаратылыш ресурстарына жана энергетикалык зор потенциалга ээ. Ал эми Корея технологиясы өнүккөн, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кең мамлекет. Андыктан, Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан менен Кореянын алакасын арттырып, кызматташтыктын жаңы багыттарын ачышыбыз кажет", – деди.

Муну менен катар Европа биримдигинин алкагында преференциялардын жалпы тутумуна ээлик кылган Кыргызстандын аймагында биргелешкен ишканаларды ачуу менен өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

"Кыргызстан Корея менен калыптанган байланышты дагы да кеңейтүүгө, туризм, инфраструктура, транспорт, өнөр жай, санариптештирүү, тоо-кен жана текстиль тармактары боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырып, соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. Тагырагы, биздин өлкөдө кореялык ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу жаатында алгылыктуу иштер аткарылууда", – деди депутат.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын август айында кыргыз-корей бизнес-форуму ийгиликтүү уюштурулганын эске салган Камила Талиева мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүү зарылчылыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий