• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү – алардын бардыгы уул.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ымыркайлар 36 жумасында кесерово жолу менен жарыкка келди. Наристелер 3 кг 300 грамм, 3 кг 660 грамм, 3 кг 445 грамм салмакта төрөлдү.

Үч эмдин энеси Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургуну. Бул 34 жаштагы эненин бешинчи төрөтү.

Бишкек шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери Жамиля Марипованын айтымында, ымыркайлардын абалы туруктуу жана аларды үйүнө чыгарууга даярдыктар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий