• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР делегациясы Самарканд шаарында инвестициялык форумга катышууда

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Өзбекстандын Самарканд шаарында Бүткүл Дүйнөлүк туристтик уюмунун Башкы ассамблеясынын 25-сессиясынын алкагында глобалдык инвестициялык форумга катышууда. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын экономика жана коммерция министринин орун басары - Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жетектеп барды.

Делегациянын курамында "КР туризмди туруктуу өнүктүрүү фонду" ААК, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги, КР президентине караштуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиги, Соода-өнөр жай палатасы, Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү жана "Манас эл аралык аэропорту" ААК бар.

Глобалдык инвестициялык форумду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун башкы катчысы Зураб Пололикашвили ачты.

Пикир

Оставить комментарий