• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин көчөлөрүнө 600 туя көчөтү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/.Бишкектин көчөлөрүнө Пирамидалис Компакта аталышындагы 600 туя көчөтү отургузулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, туялардын жаңы сорту Тынчтык проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишине, ошондой эле Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Үмөталиев көчөсүнө чейин отургузулду.

Бул ийне жалбырактуу өсүмдүктөр Россиянын Краснодар шаарынан «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын жетекчилиги тарабынан атайын алынып келген.

Компакт туясы - анча чоң эмес, жыйнактуу, таажысы бар укмуштуудай ийне жалбырактуу өсүмдүк. Бийик өскөн сортунун бийиктиги он метрге чейин жетет, шаар шартында жол жээктерин тосуу үчүн отургузууга өтө ыңгайлуу.

Пикир

Оставить комментарий