• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат Бишкекте бардык тарабынан айнек менен тосулган аялдамаларды орнотууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 15.11.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкекте бардык тарабынан айнек менен тосулган аялдамаларды орнотууну сунуштады. Бул сунушун эл өкүлү ЖК жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында көтөрүп чыкты.

Маматалиев билдиргендей, Бишкек шаардык мэрия борбордогу транспорт маселесин чечүү үчүн комплекстүү чечим табуусу керек.

Депутаттын айтуусунда, шаардагы аялдамаларды пилоттук долбоор катары жалаң айнектен куруу керек. Ошондой эле алар заманбап болушу керек, аялдамаларда бардык каттамдардын жүрүү тартиби жана башка маалыматтар көрсөтүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий