• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кадыр Маликов: Имамдар экстремизм жана терроризмге каршы күрөштө IT-технологияларды билүүлөрү керек

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов Имамдар экстремизм жана терроризмге каршы күрөштө IT-технологияларды билүүлөрү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал “Балдар биздин келечегибиз. Экстремизм, терроризм жана кылмыштуулукка жок” шаардык форумунда айтты.

“Азгыруу учурда заманбап технологияларга өттү жана негизинен социалдык тармактарда жүрөт. Ал эми соцтармактардын негизги колдонуучулары - бул жаштар. Мамлекет өз инструментарийин кайра карап чыгып, технологиялар менен иштөөсү кажет. Имамдар так иштөө үчүн IT-технологияларын билүүлөрү керек”,- деди Маликов.

Ал ошондой эле, азгыруучулардын негизги максаты жаштар жана аялдар экенин, анткени алар калктын эң алсыз жана карама-каршылыктуу, адилетсиздиктер менен келишпеген бөлүгү экенин кошумчалады.

“Жаштарда аларга таандык максимализм бар, бул адамдарды соцтармактарда азгырган террордук уюмдардын психологдору тарабынан абдан чебердик менен колдонулат. Алдын алуу иштери өтө маанилүү, өспүрүмдөргө ар кандай багыттар, жалпы эле ислам тууралуу туура билим берүү керек. Баланы азгырып башташканда ал бул эмне экенин билип калат”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий