• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алишев Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин Көз карандысыз Мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Шабданбек Алишев бир жылдан ашык убакыттан бери Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеп келген. Бул мезгил аралыгында парламентти санариптештирүү жана аппараттын эл аралык байланышын чыңдоо жаатында жигердүү иш жүргүзгөн.

Кошумчалай кетсек, Шабданбек Алишев 2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес секторлордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген.

2006-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жетектөөчү адиси кызматын аркалап, ошондой эле “Оймо” жаштар креативдик студиясы” коомдук уюмунун директорунун орун басары болуп иштеген.

2006-жылдын 25-апрелинен 2007-жылдын сентябрына чейин президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн референти, 2007-2009-жылдары президенттин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти, 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат боюнча тобунун эксперти болуп кызмат кылган.

2011-жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп эмгектенген.

2011-жылдан 2021-жылга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде ар кандай кызмат орундарында иштеген.

2022-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары кызматын аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий