• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада окуучулардын эл аралык астрономиялык турнири өттү

Билим 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын бардык облустарынан, Алматы шаарынан жана Казакстандын “Бобек” улуттук илимий-практикалык, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан 70тен ашык мектеп окуучулары Чолпон-Ата шаарында Эл аралык астрономиялык турнирге катышуу үчүн чогулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Турнир ушул жылдын 16-19-ноябрь күндөрү өткөн.

Окуучулардын астрономиялык турнири – бул 7-11-класстын окуучуларынын изилдөөчүлүк жана илимий проблемаларды чечүүдө, чечимдерди сунуштоодо жана илимий талкууларда аларды жактай билүү боюнча командалык таймашы.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

Алтын медаль – Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын командасы (Рамазан Әмірхан Жомартұлы, Әлішер Диас Мақсатұлы, Заруов Али Серикович, Арманулы Арнур, Күнғожина Ғазиза);

күмүш медалдар:

  • Ысык-Көл облусунун командасы (Болотбеков Умар, Таалайбеков Алихан, Канатбеков Нурэл, Удовенко Дарья, Трясцына Наталья);
  • Казакстан Республикасынын “Бобек” улуттук илимий-практикалык, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборунун командасы (Саенко София, Бектанова Жамиля, Раимжанова Айзере, Кусембаева Аруна, Ганиева Аида);

Коло медалдар:

  • Ош шаарынын командасы (Камилжанова Мээрим, Нурматова Алина, Тешебаева Алийна, Тутуева Акмаанай, Жапаров Мухаммедсабур);
  • “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын командасы (Адиль, Станевская Наталья, Яншансин Саид, Исраилов Атай, Исаев Аян).

Турнир КР Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулган

Пикир

Оставить комментарий