• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Жалал-Абадда жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштуруучулар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштуруучулар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы убакта Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйүүдө. Бул мушташтар көп учурларда коомдук жайларда, денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп жатат.

Негизги мыкакчылар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүү менен, кээ бирлери Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун кароочусу (смотрящий) деп аташып, алардын ишмердигинде белгилүү бир иерархиядагы жана структурадагы уюшкан кылмыштуу топтун белгилери байкалып, алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган.

Алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 2023-жылдын 20-октябрында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин алкагында, ушул жылы 17-ноябрда мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган лидерлер З.у.Т. жана А.у.Н. кармалды.

Алардын автоунааларында жана жашаган жеринде тинтүү учурунда жашырып көтөрүп жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу куралдар, ага ок-дарылар, бет каптар, ошондой эле РПГ-5 гранатасы табылып алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдар да аныкталып, алар дагы жоопко тартылмакчы.

Ошол эле учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы, шаар тургундарын кылмыштуу элементтер тарабынан мыйзам бузуу фактылары болсо 03722 5-46-61 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий