• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, анын алкагында сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков катышып, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын көзөмөлдөөдө башкармалыктын кызматкерлеринин салымы зор экенин белгилешип, прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарында мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылууга, жарандардын укуктарын, эркиндигин коргоого кошкон барандуу салымы жана ак ниет эмгеги үчүн Ош шаарынын прокуратурасынын, башкы прокуратуранын шаардагы бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий