• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлектин Айбике айылында 30 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашты

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Лейлек районунун Айбике айылында Танги-Айбике сугат суу долбору ишке ашырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоордун курулушуна 30,4 млн сом жумшалды, каражат мамлекет тарабынан Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун алкагында сарпталган.

Алтын-Бешик тоолорунан айылга чейин 5,5 км аралыкка жер асты менен суу алынып келинди. Курулуштун жүрүшүндө тоодон түшкөн мөңгү суунун астына башкы суу алуучу жайы курулуп,тоо боору менен жер астына суу түтүгү жаткырылып келген.

Натыйжада 164 метр бийиктикке өз нугу менен суу чыкты. Долбоор сыноодон өткөрүлүп, ийгиликтүү ишке ашты.

Долбоордун алкагында дагы 1 чакырым жерге сууну тартуу иштери айыл өкмөтүнүн эсебинен жүрдү.

"Жаз алды менен долбоор толук кандуу иштеп баштайт. Натыйжада Айбике айылына сугат суу берүү жакшырат жана 628 гектар бош жаткан талааларга суу жетип, өздөштүрүлөт", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий