• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте таэквондо WT боюнча Корея элчисинин кубогу өттү

Спорт 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарында 19-ноябрда Кореянын Кыргызстандагы элчисинин кубогуна арналган таэквондо WT боюнча ачык турнир өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган мелдеште Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Алсак, спорт мектебинин тарбиялануучулары 4 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту:

  • Сахиба Софиева – 1-орун;
  • Хафиза Садырова – 1-орун;
  • Даяна Кудайбергенова – 1-орун;
  • Алихан Садыков – 1-орун;
  • Владимир Ли – 2-орун;
  • Ислам Камчыбеков – 2-орун;
  • Андрей Бондаренко – 2-орун;
  • Назар Дженишбеков – 3-орун;
  • Элина Насырова – 3-орун;
  • Бегимай Есеноманова – 3-орун;
  • Аяна Сагынбекова – 3-орун.

Белгилей кетсек, спортчулардын машыктыруучулары Азим Тажибаев, Дмитрий Пономарев жана Максат Акматов.

Пикир

Оставить комментарий