• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Коом 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарында 33 жаштагы аял 3 эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч эмдин бирөөсү кыз, экөө эркек. Ымыркайлар кош бойлуулуктун 36-жумасында операция жолу менен төрөлүштү.

"Төрөлгөн учурда алардын салмагы 3кг 10 грамм, 2кг 345 грамм жана 2 кг 45 гр болгон. Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий