• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин депутаттары Россиядагы мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Медербек Алиев жана Сеидбек Атамбаев Мсоква шаарында Россиядагы мекендештер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда сөз сүйлөгөн Нурланбек Азыгалиев мекендештердин Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө, ошону менен бирге бөтөн жерде өз маданиятын, тилин сактап калууга кошкон чоң салымын белгиледи.

“Сиздер өлкөбүзгө каржылык жактан гана көмөк көрсөтпөстөн, улуттук иденттүүлүгүбүздү дүйнөгө таанытууда да жардам берип келесиздер. Чет жерде түзүлгөн диаспоралар, маданий борборлор жана коомдук бирикмелер бул жаатта жигердүү иш алып барууда”, - деди ал.

Андан тышкары, эл өкүлү Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча атайын кеңештин ишмердүүлүгүнө токтолуп, кеңеш чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин иликтеп, керектүү сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу максатында түзүлгөнүн айтты.

“Кийин аталган кеңештин ыйгарым укуктары дагы кеңейтилип, адам сатуунун алдын алуу жаатындагы маселелерди да өз карамагына алды. Анткени, азыркы учурда адам сатуу жана ага байланыштуу башка кылмыштардын саны өсүп, бул глобалдык көйгөй кыргызстандыктарга да коркунуч туудурууда. Андыктан, аталган маселени мыйзамдык жактан көзөмөлдөп, керектүү чараларды көрүүбүз кажет”, - деп кошумчалады Азыгалиев.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү мамлекеттин миграциялык саясатынын бир катар актуалдуу маселелерин белгилеп, мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү мындан ары да уланарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий