• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Баткенде көк бөрү боюнча облус башчысынын кубогу өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Раззаков шаарында президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн көк бөрү боюнча кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Оюнда облустун район-шаарларынан топтолгон жалпы 5 команда күч сынашууда.

Оюндун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атайын сыйлыктары, диплом, медалдар жана кубок ыйгарылат.

Белгиленгендей, спорттук иш-чараны Көк бөрү федерациясы өкүлүчүлүк менен биргеликте уюштуруп жатат.

Спорттук мелдештин ачылыш аземине облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, Лейлек районунун акими Канимет Осмонбеков, Көк-бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев катышып, командаларга ийгилик каалашты.

Пикир

Оставить комментарий