• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Бангладешти жеңди

Спорт 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатынын борбордук зонасында Бангладештин командасын жеңди.

Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын курамасы Бангладештин командасын 3:0 эсебинде жеңген. Кыргызстандын командасы буга чейин Непал жана Индиянын командаларынан жеңилген.

Эми команда турнирде 5-8-орундар үчүн ойноп, алгач "В" тайпасында 4-орунду ээлеген команда менен беттешет.

Мелдешке 8 мамлекеттен - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Индиядан келген курама командалар катышып жатат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын борбордук зонасы Непалдын Кутмандуу шаарында 20-май күнү башталып, 30-майга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий