• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нурбек Изабеков: Айсулуу кыргыз спорту үчүн көп эмгек жасады

Спорт 0


Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекованын устаты, КРга эмгек сиңирген машыктыруучу, дене тарбияга эмгек сиңирген кызматкер Нурбек Изабеков финалдык беттештен кийин чакан маек курду.

Грек-рим күрөшү боюнча КРнын аялдар курамасынын башкы машыктыруучусунун айтымында, бул спорт, ал эми спортто күчтүүлөр жеңет.

«Айсулуу алтын медаль үчүн күрөштө япониялык спортчуга жеңилип калды. Ал дагы жакшы даярдыкта келген экен. Айсулуу дагы болгон аракетин жасады. Япониялык спортчуну жеринин, элинин энергетикасы колдоду окшойт. Айсулуу кыргыз спорту үчүн эмгек жумшады. Биздин куржунда 3 медаль бар. Бул Пекин Олимпиадасынан кийин биринчи жолу болуп жатат. Дем берип, күч-кубат берип жаткан бардык күйөрмандарга ыраазычылык билдиребиз»,-деди Изабеков.

Эске сала кетсек, кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасында 62 кг салмакта эркин күрөш боюнча оюндардын күмүш медалын жеңип алган. Акыркы оор беттеште япониялык спортчу Юкаки Каваи менен беттешип, 4-3 эсебинде жеңилип калды.

Пикир

Оставить комментарий